Жардам:Булак редакторуна киришүү/3
Барактарды түзөтүү
Түзөтүү режимин иштетүү
Форматтоо же жасалгалоо
Иретке келтирүү
Вики шилтемелер
Барактарды бири-бири менен байланыштыруу
Түзөтүүлөрүңүздү сактоо
Оңдоп-түзөтүүлөрдү жарыялоо
Жаңы макалаларды түзүү
Нөлдөн баштап жаңы барак түзүү
Жыйынтыктоо
Эмнелерди үйрөнгөнүңүздү карап чыгуу
Вики шилтемелер (же болбосо ички шилтемелер) википедиянын негизги компоненттеринин бири. Вики шилтемелер барактарды бири-бирине туташтырып, бүтүндөй энциклопедияны бириктирет.
Жалпысынан алганда, макаладагы маанилүү же бейтааныш түшүнүктөр биринчи жолу эскерилип жатканда вики шилтемелер кошулушу керек.
Адатта, викишилтемелер төмөнкүдөй төрт бурчтуу кашааларды колдонушат: [[багытталуучу баракча]]
. Ошондой эле белгисин чыкылдатуу менен да вики шилтемелерди киргизе аласыз.
Эгер сиз макалага шилтеме берип, бирок шилтеме үчүн башка текстти көрсөткүңүз келсе, |
бөлгүч белгисин колдонсоңуз болот:
[[багытталуучу баракча|текстти көрсөтүү]]
Ошондой эле, #
белгиси аркылуу барактын белгилүү бир бөлүмүнө шилтеме бере аласыз:
[[Багытталуучуу барак#Багытталуучу бөлүм|көрсөтүлүүчү текст]]
Бир нече мисалга көз чаптырсак:
[[шилтеме]]
шилтеме катары көрсөтүлөт[[Кыргызстан]]
Кыргызстан катары көрсөтүлөт, ал эми:[[Кыргызстан|Кыргызстандын]]
Кыргызстандын катары көрсөтүлөт[[Кыргызстан#Калкынын курамы|кыргыздар]]
кыргыздар катары көрсөтүлөт
Ошондой эле бир нече баракчаларда көп колдонулган элементтерди кошууга мүмкүндүк берген шаблондорго да туш болушуңуз мүмкүн. Алар фигуралуу кашаалар менен белгиленет, мисалы: {{Калып аталышы|параметрлер}}
Мисалга алсак, шилтеме киргизүү үчүн бул [Булагын көрсөтүңүз] кодду терсеңиз болот. Шилтеме коюуда белгиси да иштейт.
|