Мазмунга өтүү

Георг Вильгельм Фридрих Гегель

Википедия дан
Георг Вилгелм Гегел.

Георг Вильгельм Фридрих Гегель (немисче: Georg Wilhelm Friedrich Hegel; 1770-жылдын 27-августу, Штутгарт — 1831-жылдын 14-ноябры, Берлин) – немистин даңазалуу философ окумуштуусу, ойчулу. Ал немис классикалык философиясынын жана романтизм философиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.

Кыскача өмүр жолу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гегель Штутгарт шаарында жогорку кызматтагы аткаминердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Георг Людвиг Гегель (1733-1799) Вүртемберг герцогу Карл Ойгендин казыналыгында катчы болуп иштеген. Анын ата-бабасы Каринтиядагы лүтерандык тектен чыккан. 16-кылымда, реформацияга каршы чаралар доорунда анын ата-бабасы Австриядан куулуп чыгып, Швабияда жердеп калат.

Гегель 1788-1793-жылдары Түбингем университетинин алдындагы Түбингем диниятчылык (теологиялык) институтунда (диниятчылык семинарийде) таалим алат. Бул жерде магистрдик диссертациясын коргойт.

1793-96-жылдары Бөрн шаарында, 1797-1800-жылдары Франкфурт-Майнда үй-бүлөлүк окутуучу кызматын аркалайт. 1799-жылы кайтыш болгон атасынан мураска анча-мынча каражат алып, ошондон тартип илимий иликтөө жолуна түшөт. 1805-07-жылдары – Йена университетинин айрыкча профессору. 1807-жылы Бамбергде гезит редактору. 1807-1816-жылдары – Нүрнбергде (Нюнберг) классикалык гимназиянын ректору. 1811-жылы теги бавариялык ак сөөктөрдөн болгон Мария фон Тухерге үйлөнөт. 1816-18-жылдары Гейделберг университетинин профессору. 1818-31-жылдары – Берлин университетинин профессору (ага чейин бул кызматты философ И.Г.Фихте аркалаган экен). 1821-жылы “Укук философиясынын негиздери” эмгегин жарыялайт. 1830-жылы Берлин университетинин ректордугуна дайындалат.

1831-жылы Берлинди холера ооруса каптаганда, ал шаардан сыртка (Кройцберг шаарчасына) кетет. Бирок бул жугуштуу оору токтоду го деп санап, шаарга кайтып келет да, 1831-жылы 14-ноябрда оорудан дүйнөдөн кайтат. Аны холерадан эмес, ич өткөктөн өлдү деген да жоромол бар.

Негизги эмгектери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гегелдин эмгектерин ушул чыгармасындагы (энциклопедиялык эмгектеги) түрлөргө ылайык бөлүүгө болот:

  1. «Логика илими»
    • «Логика илими» (Wissenschaft der Logik, 1812-16, кайра 1831-жылы иштелип чыккан)
  2. «Табият философиясы» (Naturphilosophie)
  3. «Рух философиясы» (Philosophie des Geistes)

Ал тууралуу эмгектер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Рокер Р. Георг Вильгельм Фридрих Гегель Archived 2009-05-24 at the Wayback Machine
  • Маркс К. К критике Гегелевской философии права
  • Бакрадзе К. С. Система и метод философии Гегеля. — Тбилиси, 1958.
  • Быкова М. Ф. Мистерия логики и тайна субъективности: О замысле феноменологии и логики у Гегеля. - М., 1996. — 238 с.
  • Гайм Рудольф. Гегель и его время. Лекции о первоначальном возникновении, развитии, сущности и достоинстве философии Гегеля. Перевод с немецкого П. Л. Соляникова. — СПб., 2006. — 392 с. ISBN 5-02-026909-3
  • Гулыга А. В. Гегель. — М., 1970. — 272 с.
  • Ильин И. А. Философия Гегеля как учение о конкретности Бога и человека. СПб. Наука. 1994. isbn 5-02-028175-1.
  • Кірюхін Д. І. Вступ до філософії релігії Геґеля. Філософія як спекулятивна теологія. — К.: ПАРАПАН, 2009. — 204 с.
  • Кожев, Александр. Введение в чтение Гегеля. СПб. Наука. 2003. isbn 5-02-026788-0.
  • Кричевский А. В. Учение Гегеля об абсолютном духе как спекулятивная теология // Вопросы философии. — 1993. — № 5. — С. 161—172.
  • Кричевский А. Образ абсолюта в философии Гегеля и позднего Шеллинга. - М.: ИФ РАН, 2009. - 199с. ISBN 978-5-9540-0142-6
  • Мао Йонг. Место Гегеля и Маркса в современном Китае // Судьбы гегельянства: философия, религия и политика прощаются с модерном. — М., 2000. — С. 237—251.
  • Мотрошилова Н. В. Зачем нужен Гегель? (К вопросу об истолковании Хайдеггером гегелевской философии). // Философия Мартина Хайдеггера и современность. — М., 1991. — С.161-166.
  • Ойзерман, Теодор Ильич. Кант и Гегель (опыт сравнительного исследования). М., "Канон+" РООИ «Реабилитация». 2008. isbn - 978-5-88373-047-3.
  • Ойзерман Т. И. Философия Гегеля. — М.: Знание, 1956.
  • Ойзерман Т. И. Философия Гегеля как учение о первичности свободы // Вопросы философии. — 1993. — № 11.
  • Плотников Н. С. Молодой Гегель в зеркале исследований // Вопросы философии. — 1993. — № 11.
  • Пушкин В.Г. Философия Гегеля: абсолютное в человеке. (Рекомендовано в качестве учебного пособия для студентов и аспирантов гуманитарных специальностей). СПб., Лань. 2000. isbn 5-8114-0306-2.
  • Рау И. А. Эзотеризм в методологии историко-философского исследования (На прим. гегелеведения)// Философские науки. — 1985. — № 1. — С.108-117.
  • Семашко Л. М. Диалектика Платона и её интерпретация Гегелем // Философские науки. — 1971. — № 4.
  • Соколов В. В. Историко-философская концепция Гегеля // Философия Гегеля и современность. — М., 1973. — С. 255—277.
  • Философия Гегеля и современность. — М., 1973. — 431 с.
  • Гайденко П. П. Искушений диалектикой: пантеистические и гностические мотивы у Гегеля и Вл. Соловьева // Вопросы философии. — 1998. — № 4. — С.75-93.
  翻译: